Кудалашуу салты. Аялдар расими

Асыкбек Оморов (Чын Темир)

Кыргыз эли эң байыркы эл болгондуктан кырктан ашык уруулар Азиянын чыгышы Манчжуриядан баштап Днепр (Делбирим) дайрасына чейин жашап, ар кайсы сырткы күчтөр болгон уйгур, кытай, калмак элдери менен тарыхта белгилүү болгондой ар кылымда, ар кандай убактарда согушуп, бирде жеңип, бирде жеңилип, оомалуу-төкмөлүү дүйнө дегендей, ар кайсы багытка чачылып, бирде толукталып, бирде бөксөрүп, элибиз азайып келген. Ал эми XI кылымдын аяк ченинде сельжуктардын султанынын өтүнүчү менен кыргыз каганаты Орто Азияда бийлик жүргүзүп турганда Европанын рыцарларына каршы, же болбосо диндер ортосундагы согуштарда капырларга каршы 30 миң атчан кыргыз жоокерлери ислам динин сактоо үчүн сельжуктарга (түрктөргө) 1096-жылы жардамга барышып, алар менен бирдикте төрт жыл катары менен согушушкан. Ушул согуштан бир да кыргыз жоокери тирүү өз мекенине кайткан эмес. Бул кыргыз элинин сырткы душмандар менен болгон кагылышуусундагы саны жагынан көп жоготууга учураган согуштарынын бири десек эч жаңылышпайбыз. Ата-бабаларыбыздын тосмолуу мүрзөлөрү бүгүнкү күндө да Түркиянын Никей шаарында турат. Буга окшогон тарыхый мүрзөлөр Монголияда, Манчжурияда, Кытайдын мурунку Тан империясында, Ооганстан аймактарында сакталып калган.

Байыркы жоокерлерибиз үйбүлөлөрүн кудайдын буйругуна, тобокелге таштап, акыры согуштан кайтпай калганда биринчиден, балдары жетим калбасын деп, экинчиден согуштук заманда жоокерлердин санын көбөйтүү үчүн, турмуштук зарылчылыктын негизинде улуу аксакалдар кеңешип, жесир калган келинди өлгөн адамдын жакын туугандарына алып беришкен. Мындай жашоо шарт элдик салт катары бардык уруулар арасында кабыл алынган.

Куда түшүү, сөөктөшүү
Байыркы кыргыз элинде жетимчиликтин запкысын тартып, багуусуз калган балдар аз болгон. Ал эми жашоонун күнүмдүк турмушун башынан өткөргөн ата-бабаларыбыз «кокустан майып болуп, же мерт болуп калсам балдарыбыз аркылуу сөөктөшөлү» дешип ок тиштешип, шилекей алышып, чыпалактарынын канын сорушуп, же чыбык кармап кыркышып, бири-бири менен кудалашкан. Мындай кудалык – бел куда деп аталган. Куда түшкөндө жаңыдан төрөлгөн балдары үчүн бири-бирине мал беришкен. Мындай кудалыкта сүттүүдөн – сүрөгүмдү, атандан – лөгүмдү, туу бээ тукур – атымды, ак сарбашыл коюмду аябаймын дешкен (ак сарбашыл – койдун жакшысы, эл көчкөндө малдын астында эчки менен кошо бир короо койду баштап берет). Кокустан кудалашкандар бала көрбөй калса, анда анттуу дос же акыреттик дос деп аталышкан.

Кийин элдин жалпы социалдык абалы оңоло баштаганда «Каадасыз салт болбойт, калыңсыз кыз болбойт» дегендей, бойго жеткен боз уландын ата-энеси ак маралдай керилген кыздын ата-энесине кол куушуруп, кулдук уруп барып, той болор алдында кызга атайы калың бычышкан. Кудалашкан өспүрүм жаштарды 14-15 жашка келгенде келечектеги күйөө баланы келечек кайындарына барып учураштыруу, тааныштыруу, жакын мамиле түздүрүү максатында жеңелер обочо атайы тигилген боз үйгө алып кирип, кыз экөөнү сүйлөштүрүшчү. Мындай боз үй үй жаны деп аталган. Кудалашкан бала кызга үйлөнөрдө кыздын атасы андан жети атасын айтып берүүсүн талап кылчу. Эгер бала аталарын өз аталыштары менен атай албай калса, «сен үйлөнгөнгө даяр эмессиң» деп кызын убактылуу берчү эмес. Кийин жигит жети атасын атап бергенде гана кудаларга арнап атайы өргөө тигип, конок тосушкан. Муну кыргыздар «өргө көтөрөөр» деп аташчу. Куданы кыргыздар жерине жараша 2-3 күндөн 5-6 күнгө чейин тосуп, каада-салт боюнча той оюн-тамашалар менен коштолгон.

Кызды күйөөгө узатуу

Жаңы кудалар кабыл алынгандан кийин болочок күйөө баланы кудалашкан кызга кошуп, айылдагы жаштар өзүнчө тигилген үй жаны деп аталган боз үйгө кабыл алынып, оюн-шоок өтчү. Кыз тараптан ырдоо үчүн чыккан жигиттер учу түйүлгөн жоолук менен күйөө баланы жонго бир чаап туруп анан ырдашчу. Күйөө бала унчукпастан канча киши чыгып ырдаса да жылмайып туруп берчү. Мындай тамаша «кыз ойнотор» деп аталып, буга кошумча «өргө көтөрөөр» ырымы менен мал да ыроолонгон.

Кызды узатаар түнү кыз-күйөөнү обочо тигилген боз үйгө жаткырып, кыз даражасын билүү үчүн төшөк текшерилген. Кокустан кыз даражасы жок болуп калса, анда тескерисинче, кыздын ата-энеси төөдөн баштап тогуздап мал менен айып тарткан. Эгерде кыз даражасы болсо, анда кыздын жеңелери «сүйүнчү» айтып, сүйүнчүсүнө бала тараптан да мал алышкан. Кызды узатаар күнү кызды чүмкөп кийинтишип, жакындары – жеңелери, энеси кошок түрүндө ыр менен ыйлашып, кызды аябай мактап узатышкан. Мындай той аземи «кыз узатаар» деп аталат. Кыз узатаардан бир күн мурун мал баккан малчыларына жеңелеринин коштоосу менен барып, малын аман асырап бергени үчүн аларга ыраазычылык билдирип, тамак беришкен. Муну кыргыздар «жылкычылык шыбага» деп аташкан.

Кыз узаарда энеси себин кошо берген. Ар кандай кештелердин (кеште – сайма) ичинен туш кийиз, жууркан, жүк жапкыч саймасы менен, көшөгө, эшик парда, кийим жапкыч, аркага коер көпчүк, чыканак жаздык, ала кийиз, колго жасалган терме чадар (жер шырдак), чоң шырдак, чылапчын, жыгач идиштеринен өйдө берилген. Той аяктаарда бала тарап кыздын энесине бир кой жетелеп келип, бир капка толтура салынган дагы бир койдун бышкан этин ич эти менен кошо арнашкан. Мындай каада «кайнене чыкпас» деп аталган. Капта эттен тышкары, быжы, майга куюлган өпкө, кыздын жеңе, эже-сиңдилери үчүн тогуз шакек, энесине эки алтын сөйкө, эки күмүш билерик салынган. Эттен баштап жайнаган буюмдарды көргөзүү «баштык ачуу» деп аталып, анын көрүндүгүн кыз тараптан алышчу.

Кызды узатаарда кыздын башына калак-элечек кийгизишип, бетине шөкүлө жаап, бара турган жери жакын болсо жеңелери коштоп, келин келет дешип тойго даярдана баштаган жигит тарап кыздын жеңелери үчүн дагы бир үй тигишип, жалчиман (жалчиман – нан, сары майы менен кошо) кылып, коңшу аялдар менен күтүп турушкан болот.

Келин алуу аземи

Келин үйгө бетин эки колу менен басып кирет. Келинди кайненеси жалчиман менен оозандырып, бетине май сүйкөп: «майлуу, сүттүү бол, каалаган тилегиңе жет, астыңды мал, артыңды бала ээрчисин» деп каалоо-тилегин айтып, шөкүлөнүн пардасын аччу. Муну «келин баш баккан» дешчү. Андан кийин кайнене келинди колунан жетелеп, ашкананын жогору жагында тартылган көшөгөгө киргизип отургузуп, этегин туз, күрүч менен бастырып: «таш түшкөн жерде оор, ушул жерден өнүп-өсүп, бактап-шактап отуруп кал» дечү. Андан кийин келиндин жеңелери алып келген чоң жыгач сандыкты ачып, келиндин кайын тараптарына алып келген арноо буюмдарын таратып берчү. Ушул расмилер бүткөндөн кийин айылдын келин көрүү расими башталып, келин көшөгөнүн артында үч күн отурчу.

Келинди айылдагылар көрүп бүткөндөн кийин келинди отко киргизүү аземи башталчу. Ал күнү келин сырттан отун алып келип, боз үйдүн ичиндеги коломтого атайын от жагат. От бүткөндөн кийин боз үйдүн оң жагында отурган кайненеси  туруп, келиндин тутам болуп өрүлгөн чачын  күйөөсүнүн узун кемселинин этегине байлап койчу. Андан кийин күйөөсү чачынан байланган келинчегин коломтону жаргылчак боюнча 9 жолу айланып, боз үйдүн улагасына жакын төр жакты карап турар эле. (Кыргыз эли байыртадан эле «7» жана «9» санын ыйык көрүшкөн. Киши өлтүргөндө да, кыздын калыңына да тогуздап кун же калың төлөшкөн, тогуз коргоол ойнолот, сүттүн жалпы «ак» деп тогуз түрдүү тамак жасалат, «Жетинин бири кыдыр» делет ж.б).

Андан кийин келиндин кайненеси коломтого жакын басып келип, эңкейип оттун күлүнөн бир чымчым алып: «маңдайың жарык болсун» деп келиндин чекесине, «ички денең таза болсун» деп мурдунун кырына, «ичкен тамагың таза болсун» деп ээгине, анан«эл арасында бетиң жарык болсун деп» эки бетине сүйкөп, ошону менен кыргыздын келин алуу аземи бүтчү.

Кыз-жигит каадасы

Кокустан куда түшүп жүрүп ала турган бала өлүп калса, анда ал кызга кара кийгизишип, чачын өрдүрбөй жайдырып, бетин тырматып, ал кызды «өлүү кыз» деп аташкан. Андай кыздарды жарды, кембагалдардын балдарына аялдыкка беришкен. Ал эми тескерисинче кыз өлүп калса, кызга тиешелүү буюмдар күйөө болчу жигитке берилип, ал «кара жолтой» же «жолсуз» деп аталган.

Ата-энесиз кыз-жигиттердин өз ара сөзү бүтүп калган болсо катуу анттын белгиси катары бири-бирине жоолукка түйүп ок беришкен. Бул кыргызда «ок түйүп берүү» делген.

Жаанын огунан жарадар болгон жоокердин үстүнөн такыр күйөөгө тийбеген, эркек менен мамилелеш болбогон аялды аттатышкан. Мындай учурда жарадар жоокердин огу түшүп, жарааты айыккан. Бул «ок аттоо» деп аталган.

Ал эми орто жашаган үйбүлөдө бойго жеткен кыздар көңүлүнө жаккан жигиттер менен эч кимге билгизбей жолугушушкан. Андай кыз-келиндер күндүзү аппак жоолукту боз үйдүн туурдугунун көлөкө жагына бакан менен жайып коюшар эле. Көлөкөдө жоолук ыраактан аппак болуп, алыстан байкаган кишиге даана сезилчү. Бул кыз болобу, келин болобу, өзүнүн көңүлдөшүнө: «кечинде бошмун,  же болжошкон жерден жолугалы» деген белгиси эле. Мындай белгини кыргыздар «ак жоолук» деп аташчу. Ал эми алыстан келаткан атчан тобу болобу, мал айдап бара жаткан же кербен баштап бара жаткан топ болобу, боз үйдүн көлөкөсүндөгү ак жоолукту байкап калышса, жаштарга тоскоолдук кылбайлы деген ниетте ал айылга түнөккө кайрылышчу эмес.

Кыргыздарда күйөөсү кокусунан өлгөн келиндер сөзсүз кошок кошуп сөөктү узатышкан. Ал эми ооруп же дагы бир себептер менен келинчеги өлүп калса улуу кишилер жаш күйөөсүн тыйып: «катын өлсө кайгырба, кайра төшөк жаңырат» деген кеп бар деп кайрат, көңүл сөздөрүн айтышып, күйөөлөрүнө кошок айттырышкан эмес. Кыргыздарда эркектерден жалгыз гана 1840-жылы өлгөн Туяна деген келинге күйөөсүнүн кошок кошуп сөөк узатканы тарыхта айтылып калган:

Кара айгыр, найман кыпчак деп,
Кайтараардан уялам.
Катынын кошуп ыйлайт деп,
Калктан жаман уялам,
Тору айгыр, кыпчак найман деп,
Толгон элден уялам.
Кер кашка, найман кыпчак деп,
Келген элден уялам.
Чогуу жашап баштайлек деп,
Чогулган элден уялам.
Балалуу боло элек деп,
Баарлашкандардан уялам.
Туяна, жаным, тыштадың,
Турмушумду неге сыздаттың,
Туяна, жаным, туйлаттың,
Турмушумду неге ыйлаттың.
Туяна, жаным, туяк калтырбай,
Туурдугумду сыйрып кыйнаттың.
Туянам, кеттиң дүйнөдөн,
Туйлап жалгыз мен калдым.
Туянам туяк калтырбай,
Таянычы жок мен калдым…

«Көк асаба» (№05(29) 16.03.2010)

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *