Хандын Сулуучачка жыгылганы

Асыкбек Оморов (Чын Темир), жазуучу

Көркөм сөздү, поэзияны жакшы көргөн элде – макалдаштырып сүйлөө, кези келгенде насыят, терме ырлардан ырдоо жогору бааланчу. Атадан балага калып келе жаткан макал-лакаптарды, санат-насыят, терме ырларды чечендер жалаң гана сөзүнүн кооздугу үчүн пайдаланбастан, айткан сөзүнүн тууралыгын далилдөө үчүн да колдонуп келишкен. Ошондуктан, эл өкүлдөрү болгон элчи, жуучу, доочулар элде мындай макал бар деп ата-бабаларынын айтылган сөздөрүн мисал кылып, ана сөздөн ишке өтүшкөн. Ал эл өкүлдөрүнүн айтылуучу сөзү жалпы элди ишендирип, муютуп, бардыгын сөз менен баш ийдиришкен. Ошол айтылган сөзгө жараша иштин жыйынтык маселеси чечилээр эле. Сөз тапкан чечендерге эл аргасыздан баш ийип, аларга урмат көргөзүп келген. Кези келгенде чечендер ханга, бекке, казы, молдо, болуштарга да калыс сөзүн айтып, алардын ээлеген социалдык ордуна караган эмес. Ошол тайманбастыгы үчүн алар эл арасындагы чечен деген атка конушчу. Бир жолку эл арасында отурушта Жээрен чеченди Кайназар молдо уяткаргысы келет да: «Жээрен чечен, Жээрен чечен десе эле аягың жерге тийбей калды. Орозодо курмандык чалбай, динден чыкмак болдуң, тиги дүйнөдө өлүгүң сыртта калаар бекен» дейт. Анда Жээрен чечен «Сөздү убагында айтпаса атасы өлөт» деген. Айтса укпай турган дүлөйлөр бар, ачпаса көрбөй турган сокурлар бар.

Агадагы мал – асмандагы мал,
Инидеги мал – ийиндеги мал.
Баладагы мал – талаадагы мал,
Байдагы мал – баарынан чогулган мал.
Сураган – кайырчы,
Уурдаган адам – каракчы.

Уятсыз адам алып карыз болгончо, уяты бар Кудайдын өзүнө карыз болгонум жакшы. Бармак басылбаган, убада берилбеген карызын доолап өлүктү сыртка таштаган Кудай сендей ач көз, алдамчы дейсиңби» дейт. Элдин баары күлөт. Ошондо Кайназар молдо сөз таппай, кайсалактап калган экен.

Кыргыздарда адамдын акылмандуулугун табышмак айтып сыноо эл арасында калыптанып, элдик нукура салт катары айтылчу. Мындай багытта айтылган сөздөр чечендик сөздүн бир тармагын түзгөн. Жөнөкөй эл отуруштарда бири-бирине турмуштагы философиялык суроолорду беришип, чечендик айтыштарды уюштурушкан. Өзбек элинде мындай айтыштар аския деп аталат. Ал эми казак, каракалпак, түркмөн, кыргыздарда чечендик айтыш деген аталышка ээ. Ушундай айтыштарга мисал кылып, илгери кыргыздын бир ханынын Сулуучач деген кызды сыноого алган суроолорун келтирели:

– Чөптүн жакшысы кайсы, жаманы кайсы?
Эгиндин жакшысы кайсы, жаманы кайсы?
Ак чопкут деген эмне?
Аргымак деген эмне?
Эр жигит деген эмне?
Суудан терең эмне?
Оттон ысык эмне?
Көктөн бийик эмне?

Бул суроолорго Сулуучач төмөнкүдөй жооп берет:

– Чөптүн жакшысы да, жаманы да – шыбак, ханым. Жаз жаңы келгенде чөптүн ичинен шыбак биринчи өсүп жетилет. Малдын баары жакшы көрүп жейт, бул – шыбактын жакшылыгы эмеспи. Кийин башка чөптөр өсүп жетилгенде шыбакты мал карабай калат, бул – жамандыгы эмеспи.

Эгиндин жакшысы да, жаманы да – арпа. Арпа жалпы эгиндерден эрте бышат. Узун өзөк маалында эл жанын жапырт арпа менен багат, бул – жакшылыгы. Кийин башка эгиндер бышканда арпа каралбай калат, бул – жамандыгы.

Ак чопкут деп айтабыз,
Атканда ок өтпөсө.
Аргымак деп айтабыз,
Желгенде жылкы жетпесе.
Акылдуу деп айтабыз,
Чачылган элди эптесе.
Эр жигит деп айтабыз,
Жоого таштап кетпесе.
Жерден оор – акыл билим.
Суудан терең – окуу, илим.
Оттон ысык – адам өмүрү.
Көктөн бийик – текеберчилик.

Ханым, сөзүңүзгө кулдук. «Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло» дейт. Текеберчилик кылып теңсинбей турганыңызды билдим. Эр башына келе турган беш бакыттын бешөө тең башыңызда турса, текеберчилик кылбаганда кантет элеңиз.

Кароолчунун жаманы – алдырганда өкүнөөр,
Балбандардын жаманы – чалдырганда өкүнөөр.
Токой толгон тал элем,
Таяк кылсаң чарам не.
Айдың чалкар көл элем,
Кудук кылсаң чарам не, – дейт.

Ошондо сөзгө жыгылган хан Сулуучачка эркиндик берген экен.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *