«Аталардын аманаты, азыркылардын аракети»

Роза Аманова, КР эмгек сиңирген артисти, искусство таануу илимдеринин кандидаты, «Кыргыздын салттуу музыкасы» фондусунун жетекчиси

Көчмөн кыргыз элибиздин тарыхын добулбастын добушунда сактап, Алтайда, Энесайда эн тамгасын жараткан эзелки кыргыз калкынын баскан жолун кыл кыяктын, комуздун күүлөрүндө кайрып, «Манас» баштаган Улуу өнөрдүн мунарасын сыбызгынын сыйкырдуу үнүнөн тургузган кыргыз элинин салттуу музыкалык казынасы – айтуучулук, аспапчылык жана аваздык-аспапчылык өнөрү.

Кыргыздын салтуу музыкасы калкыбыздын кайгысы менен кубанычын, тарых-таржымалын, эне тилин, максат-тилегин, үрп-адатын, салт-санаасын, эстетикалык жана философиялык түшүнүктөрүн санжырасы менен жомокторунан баштап эпосторунда, обон кайрык ырларында жана күүлөрүндө сактап келди.

Айтуучулук өнөр алты ай айтса түгөнбөгөн, көчмөндөр цивилизациясынын бийик маданий деңгээлинен кабар берип турган «Манас» үчилтиги баш болгон баатырдык, социалдык-чарбалык, ашыктык эпостору, дастандары менен бирге «алтын жаак, жез таңдай» төкмө акындардын чыгармачылыгын камтыйт.

Оозеки түрдө жаратылып, сакталып жана муундан-муунга өткөн кыргыз салттуу музыкасынын өзгөчө бөлүгүн аспапчылык өнөрдүн алып жүрүүчүлөрү – чоорчу, сурнайчы, комузчу, жыгач жана темир ооз комузчулар түзөт. Эзелтен келе жаткан күү жаратуудагы өзгөрүлбөс ыкманын (канондун) сакталуусу устат-шакирт өнөрканасынын Улуу өнөрдү аздектеп келүүсүнүн натыйжасында кылымдарды кезди.

Кыргыздын аваздык-аспапчылык өнөрүнүн өзөгүн түзгөн элдик чыгармачылык (фольклор) ар кыл жанрларды камтып (мисалы, эмгек ырлары: «Шырылдаң», «Бекбекей» ж.б; каада-салт, ырым-жырым ырлары: «бешик ыры», «жар көрүү», «кошок», «арман», «жарамазан» ж.б; ашыктык ырлары: «күйгөн», «секетпай» ж.б.), той-аштарда, сармерден менен шеринеде табияттан шык берген өнөр ээлерин талпынтууда өзгөчө роль ойногон.

Кыргыздын салттуу музыкасынын аваздык-аспапчылык өнөрү – коомдогу эстетикалык маданияттын уңгулуу уюткусу болгон, обон менен сөзүнүн ыргагы комуздун кайрыгына төп келген, авазы алтын казынада сакталган залкарлардын аткарган чыгармаларын камтыйт. Өзгөчө аткаруучулук чеберчиликти, музыкалык көркөм каражаттарды (демдин туура алынышы, аспаптын коштоо ыкмалары, үн боектору, фразировка ж.б.) талап кылган бийик үлгүдөгү чыгармалардын жаралыш ыкмаларынын сакталышы, «ата-бабадан калган улуу өнөрдүн көрөңгөсүн» сактап келген талант ээлерине жана аткаруучуларына байланыштуу.

Кыргыздын салттуу музыкасынын илимий-теориялык маселелерин изилдөөдө А.В.Затаевич, В.С.Виноградов, Б.Алагушев, К.Ш. Дүйшалиев, С.С.Субаналиев сыяктуу илимпоздорубуздун эмгектери кыргыз музыкалык маданиятынын тарыхында өзгөчө орунда.

XXI кылымдагы өнөр ээлеринин бирден бир милдети – аталардын аманатын – кыргыз салттуу музыкасын келечек урпактар үчүн сактоо.

«Көк асаба» (№12(12) 14.07.2009)

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *