Үмөт манасчы

Суроо салган Айбек БАЙЫМБЕТОВ

Кичинекей манасчы Болотбек уулу Үмөт 5 жашта. Үч жарым жашынан баштап манас айтат. Тынымсейит уруусунан. Үйдө үч эркектин үчүнчүсү. Чолпон-Ата шаарында жашайт.

-Үмөт, сен манас айтканыңда кол жаңсоолоруң, кыймылдарың укмуш экен го?
– Мен Саякбай атамдай айтам да.

– А Саякбай атаңды кайдан көргөнсүң, түш көрдүң беле?
– Телевизордон көргөм.

– Кандай киши экен ал?
– Ал чоң киши, бирок Манас атамдын жанында кипкичинекей…

– Сени ким колдойт?
– Манас атам, Саякбай атам, Кошой атам, Бакай атам, Алмамбет атам, Сыргак атам, Каныкей энем колдойт.

– Аларга жолуксаң эмне деп сүйлөшөт элең?
– Алар мага “жакшы Манас айтып жатасыңбы”? дешет. “Жакшы айтып жатам” дейм.

– Ошентип жооп бересиңби?
– Ооба, асмандан түшүп келсе ошентип айтам да.

– Алар асманда учуп жүрөбү?
– Жок, учпайт, жөн эле булуттарда жүрүшөт.

– А сен Манасты айткың келип, каалап айтасыңбы?
– Ооба, мен Манас айтпасам Манас атам колдобой коет. Үйдөн айтып турам дайыма.

– Көпкө айтканда чарчабайсыңбы?
– Жок, чарчабайм мен.

– Сен эл көп болгон жерде Манасты жакшы айтат турбайсыңбы, ушундайбы?
-Ооба, эл көп болсо жакшы да.

– Чоңойгондо ким болосуң?
– Манасчы болом, Манас атамдай чоң болом.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *