Айтыбар чечен чалдыккан төрт дарт

Асыкбек Оморов (Чын Темир), жазуучу

Кыргыздар кимдир бирөөгө иш тапшырарда же келин-кыздарынын, уул-балдарынын бир ишинин жыйынтыгы чыкпай калса, аларды каймана түрдө гана зекип, какыс-кукус кылып кекетпей, макал сөздөр менен айтып, мисал келтирип, катуу уялтып койчу. Кээ бир чечендик сөздөрдө, акындардын айтышында сөздөр жаңыланып, колдонулуп ырга кеткени да байкалат. Буга Талым кыз менен Көбөктүн айтышканын мисал келтирсе болот. Бул айтыштын алгачкы формасы – жорго сөз түрүндө табышмакталып айтылган сөз.

Элдик уламага караганда, Талым кыз ашкан сулуу, акылман болуп, эл арасынан эр тандап, эч кимди жактырбай, аягында ким менин табышмактарымды жандырса, ошого турмушка чыгам деп жар салдырат. Ар кайсы аймактардан мен-менсиген акылдуулар, чечендер келип, эч кимиси ал кыздын суроолоруна жооп таба алган эмес. Ошондо Көбөк деген адам Талым кыздын табышмагын таап, сөзгө жыгат. Бул Талым кыздын табышмактары бир нече бөлүмдөн туруп, адамдын эске тутумун татаалдаштырган. Эзелки ата-бабаларыбыз, акылдуу кыздарыбыз кандай татаал көп сөздөр болсо да, баары бир аларга ирээти менен жооп таап, чечмелешкен.

Талым кыздын суроолорун кыскартылган түрдө бир бөлүгүн окурмандарга тартуулайын.

Талым кыз Көбөк деген киши келгенде суроо берет:

– Асман менен закымдап, жүргөн нуру ким болот?
Арасынан мунарык, кирген нуру ким болот?
Асман, жерди бүркөгөн, сасык нуру ким болот?

Асман, жердин зыйнаты, канык нуру ким болот?
Жарды дебей, бай дебей, жабыр кылган ким болот?

Эл ортосун ынтымак кылган нуру ким болот?
Бир орунда кебелбей, турган нуру ким болот?
Талымдын тапта домогун, таба салгын жомогун,
Менин атым Талым кыз, ченеп мага жологун.

Көбөк мындай деп жооп берет:

– Адамзаттын, пенденин, сүйгөн нуру таң болот.
Асман
менен закымдап, жүргөн нуру ай болот.
Арасында мунарык, кирген нуру түн болот.
Асман, жерди жарыткан, ачык нуру күн болот.
Жер-асманды бүркөгөн, сасык нурун туман дейт.
Жан бүткөндүн баарысын, тазалаган эки көз.
Жарды, байды кейитип, жабылаган суук көз.
Эл ортосу ынтымак, кылган нуру жакшы сөз.
Бир орунда кебелбей, турган нуру – убада.
Таптым, Талым, сөзүңдү, келтирдимби кезиңди?
Аптыкпагын Талым кыз, ачмак болдум көзүңдү.

Ошентип Талым кыз Көбөктүн туура чечмелеген сөзүнө үн катпай башын ийген экен.

Илгери акылман адамдарыбыз бири-бирин сынаганда айтылган туура жоопторго унчукпай, сөзгө баш ийип, жеңилгенин билдирип, өзүнүн койгон шартынан баш тарткан эмес. Мындай чечендердин сөздөрү элге түшүнүктүү болуп, кийин эл арасында бул окуялар тууралуу көп айтылып, атактуу композитор же обончулардын обондору кайра иштетилип чыккан сыяктуу жалпы элдин арасында айтылып калат. Ошол эле убакта чечендер айтышында ойду туура тапкан ойчулдар эл арасында ээликкен, тапталган күлүктөй жулкунуп, ким карап турса дагы тартынбай, оюндагысын туура, так жана даана жооп менен жалпы элди муютуп сөз сүйлөй алат. Мындай чечендердин сүйлөшү анын ички дүйнөсүнүн логикасынын күчтүүлүгүндө жана табигаттын берген таланттын чексиз баалуулугунда.

Чечендик сөздөгү эң башкы нерсе – айтылган ойдун тереңдигинде жана таамайлыгында. Алар жөнөкөй адам маани бербеген же аңдап билүүгө мүмкүнчүлүгү жетпеген нерселерге жалпы адамдын көңүлүн буруп, анда катылып жаткан жаңы ойлорду ачып берет.

Күндөрдүн биринде Айтыбар чечен Каркырадан кайтып келатса, Текес баатыр жолунан чыгат. Салам айтып жайын сурайт. Анда Айтыбар чечен:

– Мен төрт дартка чалдыктым, ошолорду издеп жүрөм, – дейт.

– Чеченим, издеген дартыңыз эмне? – деп сурайт анда Текес баатыр.

– Биринчиси – ашуу бербеген тоого кез болдум;  экинчиси – өткөөл сууга кез болдум; үчүнчүсү – даамдуу дарымды таппай калдым; төртүнчүсү – аеосуз жоонун колунда калдым.

 Ошондо Текес баатыр Айтыбарды жалт карайт да, ылдам бастыра берет. Үйүнө келип атасына: «Айтыбар чечен, Айтыбар чечен эле дейсиңер, аныңар алжып калган чал тура, жайын сурасам дөдүрөп ар кайсыны айтат» дейт. Анда атасы: «А, балам, кайран киши кор болуп калган тура, бир ирикти өңөрүп барып, көзүнүн тирүүсүндө батасын алып кел» дейт. Текес баатыр атасынын сөзүн кыйбай, кайра Айтыбардын алдына барат. Айтыбар чечен болсо айткан сөздүн баарына түшүнгөн тура деп ойлоп, жайдары тосуп алып, кайра Текес баатырга суроо узатат:

– Алыстан эмне алыс?
Жакындан эмне жакын?
Таттуудан эмне таттуу?

Анда Текес баатыр: «Жер менен Көктүн ортосу алыс, адамга аял жакын, баладан таттуу жок» дейт. Айтыбар чечен анын жообуна ыраазы болбой, ичинен нааразы болуп, мындай деп жооп узатат:

– Билимдүү менен билимсиздин ортосунан алыс эч нерсе жок.

Адамга ажал жакын. Булар күн менен түндөй, өмүр менен өлүмдөй киндиктеш нерсе.

Жандан таттууну дүйнөдө табуу кыйын. Өлүм башына келгенде баласын кыйган четинен чыгат, – деди да, мурдагы сөзүнө түшүнгөн экен деп сурап көрсө, Текес баатыр анын маанисин билген эмес экен. Ошондо Айтыбар чечен өзүнүн суроосуна өзү мындай деп жооп берет:

– Ашуусуз тоого кез болдум дегеним – тиземди сары суу чалып, баса албай калдым дегеним.

Өткөөлсүз сууга кез болдум дегеним – көзүмдү жаш басып, чылпактады дегеним.

Даамдуу дарымды таппай калдым дегеним – наспайымды таппай калдым дегеним.

Аеосуз жоонун колунда калдым дегеним – келин баланын колунда калдым дегеним.

Укпай ушак айтып, көрбөй ууру кылгандан түңүл. Уккан – улама, көргөн – көсөм, ар нерсеге маани берип жүрбөсөң – укканың бекер. Кой чүкөсү дебегин – колуңа жакса, сакадыр. Жашы кичүү дебегин – акылы жакса агадыр. Алжыган чал дебегин – кайраса алыс барадыр.

Мына ошол жерден Текес баатыр жообунун туура эмес экенине аябай уялып, же турган жеринен жерге сиңип кете албай, алып келген иригин эмне деп берерин билбей, андан ары сөз баштай албай, өлбөгөн төрт шыйрагы калат.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *