Кыргыздын ырым-жырымдары

Асыкбек Оморов (Чын Темир)

Кылымдар бою укумдан тукумга өтүп келген бул элдик асыл сөздөр ойго жоомарт, мааниси өтө терең келип, ар бир ата-эне өзүнүн балдарына ар кандай ырым-жырымдарды үйрөтүп келишкен. Бул кыргыз ырым-жырымдары айрым бир адамдын эмгеги болуп эсептелбестен, жалпы элдик оозеки чыгарма болуп, укум-тукумга эстафета сыяктуу өз маани-маңызын жоготпой ушул күнгө чейин сакталып келет.

Улуттун уңгусу бул – тил. СССР убагында орустар өз эне тилибизди унуттурууга аркеттенишип, балдарыбызга мажбурлап орус тилин таңуулап окутуп, атургай, өз тарыхыбызды эмес, мектептен баштап институт, университеттерге чейин КПССтин (Советтер Союзунун Коммунгисттик партиясы) тарыхын окутуп келишти.

Балдарыбыз кыргыз болбой «киргиз» болуп,  74 жыл бою «Улуу орус эли» деп ураалап жашадык. Ушул инерция боюнча айрым кыргыз балдар дагы деле орусча окуп, орусча тарбияланып, кыргыз ырым-жырымдарын такыр түшүнүшпөйт. Эмесе, окурмандарыма түшүнүктүү болсун үчүн айрым ырым-жырымдан кабардар кылып кетейин.

***
Саламдашпай сөз баштаба.

***
Колуңду тамчыга жууба.

***
Темирге заара кылба.

***
Алыскы сапардан кайткан адамдын башынан үч жолу суу тегеретип, түкүртүп, идиштеги сууну сыртка төгүп, көмкөрүп, бир күнгө чейин колдонбо.
***
Түн ичинде мал сойбойт.

***
Караңгыда кыз бала сууга барбайт.

***
Караңгыда кошунаңдан ак сураба.

***
Ооз кесир сүйлөбө.

***
Караңгыды үй шыпырба, душманыңды көбөйтөсүң.

***
Шыпырынды менен күлдү кошо чыгарба,
Өлүм менен той бир күндө келет.

***
Баш кийимди тегеретпе.

***
Отту теппе, шамалды сөкпө.

***
Дасторконду тетири салба.

***
Бешикти өбөктөбө.

***
Бешикти эки киши көтөрбөйт.

***
Бешикти кур терметпе.

***
Бычакты нанга аарчыба.

***
Кыбыланы карап даарат ушатпа.

***
Жатаарда кыбыланы тээп жатпа.

***
Караңгыда күзгүгө каранба, чач тараба, жылдыз санаба.

***
Мылтыкты аттаба.

***
Атың аксаса, балаңдын заарасы менен бутун жуу.

***
Шыпыргы менен чаппа.

***
Тамакты дасторконсуз ичпе.
***
Сүйлөшүп жаткан эки кишинин ортосунан өтпө, жыйылган жүккө жатпа.

***
Ээн талаага түнөп калсаң, айланаңды бычак менен чийип кой.

***
Боюнда бар аял капка отурбайт.

***
Жакшы адамга ит бербе.

***
Досуңдун үйүндө тырмак алба,
Касыңдын үйүндө чач алба.

***
Беймаал убакта оорулууну сурап барба, бала көрбө.

***
Бирөөнүн кайгысына кубанба.

***
Бейитти колуң менен көрсөтпө.

***
Минген атыңдын жалына бут чыгарба.

***
Тырмагыңды отко салба,
Көсө менен мал кайтарба,
Беймаалда күл төкпө, таштанды чыгарба.

***
Тулганы теппе.

***
Нанды дасторконго көмкөрөсүнөн койбо.

***
Жер таянып отурба.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *